Садыр Жапаров ички каттамдар күчөтүлөрүн айтты

"Каракол" аэропорту 1971-жылдын 1-январында негизделип, учуп-конуу тилкеси 1978-жылы пайдаланууга берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстанда ички каттамдар күчөтүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Каракол шаарындагы аэропорттун курулушу көрсөтүлгөн видеону социалдык тармактагы баракчасына жүктөп жатып билдирди.
"Каракол" аэропорту жаңы салынып жатат. Иш кызуу жүрүүдө. Кудай буюрса, июнь айында ишке берилет. Эл аралык аэропорт болот. Бул аэропорт бүтөрү менен Нарын, Казарман, Кербен, Талас аэропорттору оңдоодон өтөт. Ички аба каттамдарды активдештиребиз", — деген өлкө башчы.
Эске салсак, Садыр Жапаров өткөн жылдын май айында "Каракол" эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна капсула салган. Азыр аталган аэропорттун узундугу 2 000 метр болгон учуп-конуу тилкеси бар. Ал дагы 400 метрге узартылары айтылган. Ошондой эле курулуш иштери соңуна чыккандан кийин ал саатына 250 жүргүнчү кабыл алып, Embraer-190 үлгүсүндөгү жана ага окшош учактарды кабыл алары кошумчаланган.
"Каракол" аэропорту 2023-жылы иштеп баштайт. Туманбаев курулуш учурун көрсөттү