Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ Коргоо министрлиги Украина аскер күчтөрүнө "Искандерди" колдонгонун көрсөттү

Sputnik
Россиянын Коргоо министрлиги ыкчам-тактикалык "Искандер" комплексинин атайын операциянын алкагында Украина тараптын аскердик күчтөрүн көздөй ракетаны коё берди. Бул маалыматты РИА Новости таратты.
Роликтен комплекстин өзүнүн милдетин аткара турган позицияга чыгып келе жаткандыгын көрөбүз. Машина алгач токойлуу, андан соң баткактуу талаа менен жүрүп отурат. Кадрдан төрт октуу техниканын чоочун көздөн далдааланганын байкоого болот. Атуучу бөлүгү өзүнчө жабылган. Ага радиотолкундарды жок кылган химиялык заттар сиңирилген. Мындай материал каршылаштардын сигналын жутуп алып, машинаны сканерлөөдөн сактайт.
Видеодо андан сырткары командалык-штабдык машинанын батарея командиринин иши тыкыр көрсөтүлгөн. Коргоо министрлигинен эгерде чалгынчылар анын позициясын ачыктабаса, машина дагы бир залп жасагыча ордунда кала берерин айтышты.
"Искандер" комплекси — 500 чакырым алысты таамай атууга ылайыкталган курал. Ракетанын согуштук максатта бардык бутаны: каршылаштын командалык пунктун, техникалар колоннасын, абадан коргонуу комплексин талкалай алат.
"Искандердин" арсеналында баллистикалык да, канаттуу да ракеталары бар. Ал каршылаштарды алаксытып, жалган электрондук тоскоолдуктарды жаратып, абадан коргонуу системасына илинбейт. Канаттуу ракеталар анча бийикке көтөрүлбөй учуп, тилкенин рельефин айланып өтө алат. Аны аңдуу мүмкүн эмес.
Тема боюнча:
"Искандер" ракеталык комплексинин соккуга даярдык көргөн ирмемдери. Видео