Радио

Курманбекова: Кыргызстанда медициналык туризмдин эки түрү өнүккөн

Медициналык туризм боюнча адис Асел Курманбекова учурда онкологиялык, нейрохиругиялык операцияларга муктаж болгон бейтаптар көп болуп жатканын айтты.
Sputnik
Медициналык туризм — бул жашаган аймагынан чыгып, жогорку квалификациялуу медициналык жардам алуу үчүн чет өлкөгө саякаттоо. Анын өлкө ичиндеги (мисалы, Оштон Бишкекке келип дарылануу), чет өлкөгө чыгуу жана чет мамлекеттен келүү же дарыгерлер тобун мамлекетке алып келүү деген үч түрү бар. Бизде өлкө ичиндеги жана сыртка барып дарылануу багыттары өнүккөн. Бул тууралуу Асел Курманбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чет мамлекетке дарыланууга барганда өлкөгө, ооруга жана ал тургай клиникага жараша каражат сарпталат.
"Медициналык туризм биздин өлкөдөгү бай, ошондой эле белгилүү адамдар арасында жайылган. Байкасаӊыздар, check-up (ооруларды алгачкы этапта аныктоого багытталган изилдөөлөрдүн жыйындысы) кызматын кеӊири колдонуп жатышат. Себеби алар эң ишенимдүү медициналык жардам издешет. Анын үстүнө Батышта медицина жогорку технологиялуу. Булар эӊ жакшы, идеалдуу бейтаптар деп эсептелет. Бизде жакшы хирургдар көп болгону менен калыбына келтирүүчү медицина чабал. Башкача айтканда, операция мыкты жасалган болсо да бейтап реабилитациялык мезгилде жетишсиз кам көрүүдөн улам каза табышы мүмкүн. Ал эми карапайым эл чет өлкөгө дарыланууга барууга аргасыз болууда. Анткени республикада айрым оор операциялар жасалбайт. Мындан тышкары, Кыргызстанда керектүү диагностикалык жабдуулар, дарылар да жетишсиз. Чет элдик дарыгерлер тобун мамлекетке алып келүү тажрыйбасын колдонсок болот. Алар да кызматташууга кызыкдар. Бирок жабдууларды алып келүү кыйын болуп калат. Бизге онкологиялык, нейрохиругиялык операцияларга муктаж болгон бейтаптар көп кайрылууда. Анын үстүнө оорулар жашарып кетти. Ошентсе да бизде пластикалык хирургия өнүккөн, арзан да болгондуктан коӊшу өлкөлөрдөн операция жасатууга бейтаптар көп келишүүдө. Кыргызстандыктар дарылануу үчүн биринчи кезекте Россияга, Түркияга, аялдар ЭКУ процедурасы үчүн Казакстанга (Түркия да аялдарга ушундай кызматты сунуштай баштады), андан кийин органдарын алмаштыруу үчүн Индияга барып жатышат. А жакта боорду алмаштыруу операциясы сапаттуу жана салыштырмалуу арзан жасалат", — деди Курманбекова.
Ал медициналык туризм багытында иштеген компаниялар адамдарга мыкты дарыгерлердин кызматтарын алууга көмөктөшөрүн белгиледи. Муктаж бейтаптарга дарылануунун акысын төлөөгө жардам берген фондулардын ар кандай иш-чараларын, концерттерди уюштуруу иштерине колдоо көрсөтүп, аларга каражат чогултууга жардам берерин кошумчалады.