Кыргызстандык айдоочу Казакстандын талаасында жүгүн 6 күн кайтарып жаткан. Видео

Айдоочу Казакстандын полициясына ыраазычылык билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандык айдоочу жеңил автоунааларды жүктөп келе жатып Казакстандын ээн талаасында алты күнгө калып калган. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.
Volvo үлгүсүндөгү автовоз Самара — Чымкент трассасында катуу бороон болуп жатканда жолдун чекесине сүрүлүп кеткен. Үстүнө үч жеңил автоунаа жүктөп келе жаткан транспорт кайра жолго чыга албай калган. Ал эми айдоочусу жүгүн таштап кете албай, алты күн бою кайтарып отурган.
Күнүгө ошол жерден өтүп жаткан казак полициясы кыргызстандыктан кабар алып, суу, тамак-ашынын бар-жогун сурап турушканы жазылат. Натыйжада 9-январь күнү автовозду жол тазалоочу атайын техника менен тартып чыгарышкан.
Айдоочу Казакстандын полициясына ыраазычылык билдирди.
Кинотасмадан алынгандай. Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү тартылган видео