Радио

Калдарбеков: кыргызстандык адистер Кумтөрдү жогорку деңгээлде иштете алат

"Кыргыз алтын" ачык акционердик коомунун башкаруучулугунун төрагасы Элдияр Калдарбеков учурда "Кумтөр" ишканасынын экологиялык, техникалык коопсуздугу толук кандуу сакталып, иштеп жаткандыгын айтты.
Sputnik
Кыргызстандык адистер Кумтөр алтын кенин жогорку деңгээлде иштетип, туура башкарууну уланта алат. Бул тууралуу Элдияр Калдарбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кумтөргө тышкы башкаруу киргенден баштап кызматкерлердин 95 пайыздан көбүн кыргыз жарандары түзөт.
"Кумтөрдүн мамлекеттин карамагына толугу менен өткөнү — чоң жеңиш. Мында өлкө президентинин, министрлер кабинетинин төрагасынын иши жогору бааланышы керек. Белгилүү болгондой, ири ишканага бир жылдай тышкы башкаруу кирген. Ошол учурдан тарта кызматкерлердин 95 пайыздан көбүн кыргыз жарандары түзөт. Мен жакында алтын кен чыккан жерге барып, экологиялык, техникалык коопсуздугу толук кандуу сакталып иштеп жаткандыгына күбө болдум. Көбү Кумтөрдү өзүбүз иштете алабызбы деген суроону коюп келишкен эле. Кыргызстандык адистер Кумтөр алтын кенин жогорку деңгээлде иштетип, туура башкарууну уланта алат. 30 жыл аралыгында өзүбүздөн мыкты, кесипкөй адистерибиз чыкты", — деди Калдарбеков.
Ошондой эле адис тоо-кен тармагы Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүндө орду чоң болгондуктан мамлекеттик саясат туура жүргүзүлүшү керектигин кошумчалады.