Ташиевдин кечиримдүүлүк тууралуу постунда кандай сыр катылганы талкууга түштү

УКМК төрагасы билдирүүсүн 10-январда түндө жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына пост жазды. Ушул тапта интернет-колдонуучулар башкы чекист бул билдирүүнүн артына кандай маани катылганын божомолдоп, түрдүү пикирлерди жазышууда.
"Биз көп кишилерди кечирүүгө тийишпиз, дээрлик баарын... Биз деле башкалар сыяктуу жөнөкөй эле адамдарбыз, эмне үчүн кечире албайсың? Кудайдан да өйдө болуп кеттиңби? Кудай кечиримдүү, ал кечирип жатканда сен кечире албагыдай кимсиң? Сен болгону сегиз миллиард калктын бирисиң. Болгону ошол. Сен кудайдан өйдө, кудайдан мыкты боло албайсың. Биз деле көптүн бири катары, жөнөкөй адам бойдон жок болобуз", — деп жазган Ташиев.
Учурда анын бул посту колдонуучулар тарабынан кызуу талкууга алынууда. Пикирлердин арасында постту биримдикке чакырык катары кабыл алгандар да, Кемпир-Абадга, Алмазбек Атамбаевге жана башка окуяларга байланыштыргандар да бар.
Көп адам суранды. Шайлообек Атазов жазган постун эмнеге өчүргөнүн айтты