Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасы Азия чемпионатына катышат

Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасы 17-28-январь күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өтө турган Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Чемпионат 22 жашка чейинкилер арасында өтүп, Кыргызстандан 12 спортчу күч сынай тургандыгы айтылды.
Курама команданын тизмеси:
Анвар Ходжиев, 48 килограмм салмакта;
Ислам Торобаев, 54 килограмм;
Тургунбек Иманкадыров, 57 килограмм;
Мирзахит Имамназаров, 60 килограмм;
Аскат Култаев, 63,5 килограмм;
Ихтияр Нишанов, 67 килограмм;
Нурадин Рустамбек уулу, 71 килограмм;
Даниэль Абдрахманов, 75 килограмм;
Бекбол Мурасбеков, 80 килограмм;
Нурсултан Болотбаев, 86 килограмм;
Бакыт Токтосун уулу, 92 килограмм;
Ооматбек Элчоро уулу, 92 килограммдан жогору;
Мукаш Ырсалиев, эл аралык даражадагы калыс;
Данияр Төлөгөн уулу, башкы машыктыруучу;
Улан Сагынбаев, улук машыктыруучу.
Кыргызстандык төрт бала Бахрейнде теннис боюнча күч сынашат