Активисттерди колдоп чыккан туугандарын милиция кармап кетти. Видео

Болжол менен 30-40тай адамды Биринчи май РИИБине алып кетишти.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкекте эски аянтта Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды колдоп чыккан туугандарын милиция кармап кетти.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы болжол менен 30-40тай адамды автобуска салып кеткенин билдирди. Бишкек шаардык милициянын жетекчисинин орун басары Тилек Түкөбаев аларды Горький паркына барып митинг өткөрүүсүн талап кылган. Бирок акциянын катышуучулары баш ийбей плакаттарын көтөрүп, тротуар менен басып баратышкан. Жогорку соттун имаратынын жанына келгенде Түкөбаев баарын кармоого буйрук берди. Милиция кызматкерлери аял-эркегине карабай чекеден автозакка салып, митингчилерди Биринчи май РИИБине алып кетти.
Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салынган жерлердин тизмеси кеңейди