Кармалган активисттердин туугандары ИИМдин алдында акция өткөрүп жатат. Видео

Чогулгандардын алдына Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчиси Сапарбек Аманкулов чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активисттерди колдоо митинги өтүп жатат.
Абакта отурган активист жана саясатчылардын ондогон тууганы чогулган. Алар ИИМдин имаратынын алдынан өтүп, Өкмөт үйүнө чейин келүүнү пландаган. Бирок милиция аларды ИИМ тарапка жакындаткан жок, анын себебин кандайдыр бир иш-чара өтүп жатканы менен түшүндүрүштү.
1 / 5

Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активисттерди колдоо митинги өтүп жатат

2 / 5

Абакта отурган активист жана саясатчылардын ондогон тууганы чогулган

3 / 5

Алар ИИМдин имаратынын алдынан өтүп, Өкмөт үйүнө чейин келүүнү пландаган

4 / 5

Бирок милиция аларды ИИМ тарапка жакындаткан жок, анын себебин кандайдыр бир иш-чара өтүп жатканы менен түшүндүрүштү

5 / 5

Чогулгандардын алдына ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчиси Сапарбек Аманкулов чыгып тергелип жаткан иш боюнча маалымат берди

Чогулгандардын алдына ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчиси Сапарбек Аманкулов чыгып тергелип жаткан иш боюнча маалымат берди.
"Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандыктарга даярдануу") боюнча кылмыш иши козголгон. 24 адам абакта отурат, экөө үй камагында, бирөө издөөдө. Тергөөнүн мөөнөтү 20-февралга чейин узартылган. Лингвистикалык, саясий жана техникалык экспертизалар дайындалып, Юстиция министрлигинде каралууда. Анын корутундусу боюнча өзүнчө чечим кабыл алабыз. Корутундусун сиздерге да беребиз, суроо жаралса кошумча даттансаңыздар болот. Бизде алардын массалык башаламандык уюштурууга даярданганы боюнча жетиштүү далилдер болгон үчүн айыбы угузулуп жатат", — деди Аманкулов.
Аны менен катар башкы тергөөчү активист, саясатчылардын кармалышын сот мыйзамдуу деп тапканын кошумчалады.
Баланын өлүмү боюнча кармалган беш дарыгер үй камагына чыгарылды