11-январга карата аба ырайы

11-январга караган түнү республиканын аймагында мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаап, туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -7...-12, Талас жергесинде -11...-16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -4...-9, Ысык-Көл чөлкөмүндө -5...-10, ал эми Нарында -9...-14 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте -8...-10 жана Ош калаасында -4...-6 градусту көрсөтөт.
Кинотасмадан алынгандай. Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү тартылган видео