ТЭЦ алдыдагы аяздуу суукка туруштук береби? "Электр станцияларынын" жообу

Жылуулук борборуна көмүр график менен алып келинип жаткандыгын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бишкек ТЭЦи алдыдагы аяздуу суукка туруштук береби деген суроого "Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматынан жооп беришти.
ТЭЦ менен Токтогул ГЭСинин жабдуулары күнү-түнү кызматкерлердин байкоосунда тургандыгын, кышкы катуу сууктан чыгуу үчүн бардык ресурстар бар экендигин айтышты.
Жылуулук борборуна көмүр да график менен келип түшүп турат, план боюнча бул жазга чейин уланат. Бир суткасына 5 800 тонна керектелет, кампаларда 95 миң тонна кара алтын бар.
"Электр станциялары" ишканасынан Токтогул суу сактагычында бүгүнкү күндө 10,7 млрд куб метр суу бар экендиги маалым болду. Секундасына 166 куб метр агып кирип, ал эми 566 куб метр чыгымдалып жатканын билдиришти.
"Кыргызстандыктарды энергияны сарамжалдуулук менен колдонууга чакырабыз"", — дешти ишканадан.
Буга чейин өкмөттөн ТЭЦ кадимки калыбында иштеп жаткнадыгын, эч кандай маселе жоктугун айтышкан.
Алдыдагы сууктан улам энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштешет