Сокулукка жаңы мал базар салынат. Долбоорду Акылбек Жапаров көрдү

Курула турган мал базарга сегиз гектар жер ылайыкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы мал базардын абалы менен таанышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт башчы аталган мал базарда шарттар түзүлбөгөнүнө кейигени белгиленди.
"Мен бир жыл мурун өлкөнүн бардык мал базарларында тартипти орнотуу зарылдыгы тууралуу тапшырма бергем. Көпчүлүк базарларда андан бери жагдай жакшы жагына өзгөрдү. Базарлардын администрациясы сатуучуларга жана сатып алуучуларга зарыл шарттарды түзүп берген. Ал эми Сокулук районунун аймагында жайгашкан мал базардын абалы өтө начар бойдон калууда. Жакынкы күндөрү базарды иретке келтирүү керек. Болбосо, азыркы кырдаалга көз жумган базар ээлерине да, жергиликтүү аткаминерлерге карата дагы чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек", — деди Жапаров.
Андан соң ал сегиз гектар жерге курула турган жаңы заманбап мал базардын долбоору менен таанышкан. Бул объектиде курулуш иштери ушул жылдын жаз айларында толук кандуу башталышы керектигин белгилеген. Ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде жыл соңуна чейин ишке ашары пландалууда.
ИИМ көчө, мал базар сыяктуу жайларга видеокамераларды орнотууну тапшырды