Кыргызстандын травматологдорду даярдаган мектеби күчтүү. Убагында Кыргызстанга дасыккан адистер келип, травматологиянын өнүгүшүнө жол салышкан. Бул тууралуу Жетиген Саматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө травматолог адистеринин жетишпестиги байкалбайт.
"Согуш жылдарынан кийин Кыргызстанга грузин, еврей, орус улутундагы мыкты травматологдор келип, өлкөдөгү травматологиянын пайдубалын түптөшкөн. Ошол учурдан баштап бүгүнкүгө чейин кыргызстандык адистер бизде гана эмес, чет өлкөдө да мыкты. Илимий эмгектер көп жазылып, медицинанын өнүгүшүнө салым кошушту. Алардын сап башында грузин Шубладзе аттуу адистин эмгеги чоң. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы травматология багыты боюнча дарыгерлерди даярдап келет. Бирок акыркы учурда жаракат алгандардын саны кескин өстү. Унаа санынын өсүшү менен жол кырсыктарынын көбөйүшү ага себеп боло алат. Ал эми кышында тайгак жолдо кулап жабыркагандар көп", — деди Саматов.
Ошондой эле адис ар бир адам алгачкы медициналык жардам берүүнү билиши керектигин кошумчалады.