Кыргызстанда окуучулардын кышкы каникулу узарды. Чоо-жайы

Мектептерде сабактар 16-январда баштала турган болду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кыргызстанда окуучулардын кышкы каникулу 2023-жылдын 15-январына чейин узартылды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Каникул күндөрү төмөнкүдөй болду:
кышкы каникул — 17 күн. 2022-жылдын 30-декабрынан башталып, 2023-жылдын 15-январына чейин жарыяланат, сабактар 2023-жылдын 16-январынан башталат;
жазгы каникул — 5 күн. 2023-жылдын 22-мартынан башталып, 26-мартына чейин жарыяланат, сабактар 2023-жылдын 27-мартынан башталат.
Окуучулардын эс алуу күндөрүнүн мындай болуп өзгөрүшү сасык тумоо жана аба ырайынын кескин суукташы менен байланыштуу экенин айтышты.
"Саламаттык сактоо министрлигинин сасык тумоо, респиратордук вирустук инфекция ооруларынын андан ары жайылышына жол бербөө сунушунун жана ӨКМдин аба ырайынын температурасынын кескин төмөндөшү боюнча маалыматынын негизинде окуучулардын кышкы каникулун 2023-жылдын 15-январына чейин узартуу жөнүндө буйрук чыгарды", — деп айтышты аталган ведомстводон.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдары санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык иш жүргүзөрүн кошумчалашты.
Бала бакчаларда дагы каникул узартылабы? Министрликтин жообу