Кинотасмадан алынгандай. Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү тартылган видео

Бүгүн өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрүп, суук башталды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү видеого тартылды.
Үрөй учурган, бирок кооз кадрлар бүгүн, 9-январда, болжолдуу түрдө Чүй облусунда тартылганы айтылууда.
Эске салсак, Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, өлкө аймагында 10-январдан тарта катуу суук болорун билдирген. Алсак, Чүй облусунда түнкүсүн абанын температурасы -25 градус болору айтылды. Тоолуу Нарында абанын температурасы -28 градуска дейре төмөндөйт. Бул күндөрү түштүк региондордо термометр -17 градусту көрсөтөт.
Карандай суук түшөт! Кыргызстандагы бир жумага карата аба ырайы