ЫСЫК-КӨЛ, 9-янв. — Sputnik. Каракол шаарында өткөн эл аралык туристтик жарманке жыйынтыкталды. Үч күнгө созулган иш-чара кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн, кышкы туризмдин өнүгүү тарыхынын көргөзмөсү, Кыргызстанда өскөн күрүчтүн түрлөрүнөн жасалган палоо-шоу, мастер-класстар, оюн-зоок, концерттик программалар жана турлар менен коштолду.
"KARAKOL FAIR 2023 быйыл экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Бул идея коронавирус пандемиясынан кийин келди. Ошол кезде туризмдин калыбына келиши кыйын болчу. Баарынан да кол өнөрчүлөрүбүзгө оор болуп, алар өздөрүнүн товарларын сата албай калышкан. Былтыр жарманкени өткөрүүнү кыш мезгилиндеги эс алуу учуру күч алган күндөргө пландаганбыз. Ошол мезгилде тоого лыжа тепкени чет өлкөлөрдөн көп туристтер келет. Биз идеябызды Каракол шаарынын мэриясы, Туризм департаменти жана көптөгөн эл аралык өнөктөштөрүбүзгө айтып, алар колдошту", — деди Каракол дестинациясынын жетекчиси Альбина Алимова.
Анын айтымында, былтыр жарманкеге үч күндө 4 500гө жакын адам катышкан.