Кыргызстандык төрт бала Бахрейнде теннис боюнча күч сынашат

Теннис боюнча Азия чемпионатынын тандоо этабына биздин өлкөдөн Ева Гавшина, Камила Арипова, Давид Могилевский жана Султан Сатыкеев катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кыргызстандын теннис боюнча жаштар курама командасынан (14 жашка чейинкилер) төрт спортчу Бахрейнге барды. Алар Азия чемпионатынын тандоо этабына катышарын өлкөнүн Теннис федерациясы маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, таймаштар бүгүн, 9-январда, башталып, 19-январга чейин уланат.
"Тандоо оюндарынын жыйынтыгы жана эл аралык рейтингдердин натыйжасында биздин өлкөнүн намысын талашуу төрт жаш теннисчиге буюрду. Алар: Ева Гавшина, Камила Арипова, Давид Могилевский жана Султан Сатыкеев. Оюнчулардын машыктыруучусу Фархад Урумбаев", — дешти федерациядан.
UFC жана бокс дүйнөсүндө боло турган ири мелдештер. Тизме