Радио

Медетбеков: Борбор Азиядагы өлкөлөр куралданууда

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков дүйнөлүк саясатта кескин өзгөрүүлөр улана турганын белгиледи.
Sputnik
Борбор Азияда аскердик чыңалуу курчуп, аймактагы өлкөлөр куралданууда. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга дүйнөлүк жана аймактык саясаттын таасири тийип жаткан болушу ыктымал.
"Былтыр дүйнөлүк саясатта кескин өзгөрүүлөр болду. Алардын эң орчундуусу — Россия менен Украина тиреши. Ал Россия жана Батыштын ортосундагы мамилени курчутуп, жагдай жалпы дүйнөлүк коопсуздук, экономикалык, саясий жана энергетикалык кризиске алып келүүдө. Анын ичинде Россиянын өнөктөшү делген өлкөлөргө дагы таасирин тийгизип жатат. Алсак, Азербайжан менен Армениянын ортосунда куралдуу кагылыш болду. Ошол эле учурда тажик аскерлери Кыргызстандын аймагына кирип кол салды. Мына ушул жагдайлар аскердик чыңалууга кептеп, Борбор Азия өлкөлөрү куралданууга өтүүдө. Алсак, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстанда учкучсуз дрондорду чыгаруучу заводдор курулууда. Тажик бийлигинин Афганистандагы абалга аралашуусу талибдердин кыжырын келтирүүдө. Мына ушул жана башка жагдайларды эске алуу менен Борбор Азияда локалдык тирештер чыкпайт деген кепилдик жок", — деди Медетбеков.
Ошондой эле ал кыргыз-тажик чек арасын тынчтык жолу менен тактоо зарылдыгын кошумчалады.