БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Жаңы жылдан кийинки дем алыш 8-январга чейин созулганына байланыштуу алдыдагы бир нече ишемби иш күнү болот.
Белгилей кетсек, бүгүн (9-январь) Рождествого карата (7-январь) эс алуу күнү болмок, себеби майрам ишембиге туура келген. Бирок кыргызстандыктар анын ордуна 3-январда эс алышты.
Ал эми 25-февралдагы ишемби 4-январдагы дем алыштын ордуна иш күнү болмокчу. 11-марттагы ишембиде 5-январдагы эс алуу күндүн ордун толуктап, иштөөгө туура келет. Ошондой эле кыргызстандыктар 6-январдагы дем алыштын эсебинен 25-мартта (ишемби) жумушка чыгышат.
Министрлер кабинети буга чейин 2023-жылдагы эс алуу күндөрүнүн графигин бекиткен.
Ага ылайык, кыргызстандыктар төмөнкү күндөрү катарынан эс алышат:
18-марттан 21-мартка чейин;
5-майдан 9-майга чейин;
4-ноябрдан 8-ноябрга чейин.
Дем алыш күндөрүнө жылдырылган иш күндөрү:
29-апрель дем алыш күндүн ордуна 20-март иш күнү болот;
13-майдагы дем алыш 8-майга жылат;
11-ноябрь дем алыш 6-ноябрдагы иш күнүнө жылдырылды.