ЕККУнун баш катчысы Россияны аталган уюмдан чыгарууга каршылыгын билдирди

Буга чейин Украина ТИМи Россия ЕККУнун курамында алиге чейин тургандыктан ал уюм өзүн-өзү жоюу стадиясында экендигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча  (ЕККУ) уюмдун башкы катчысы Хельга Шмид Россияны аталган биримдиктин курамынан чыгарууга (буга чейин Киев бийлиги чакырык таштаган — ред.) каршы пикирин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Бүгүнкү күндүн көз карашынан алганда Россия ЕККУнун курамында мүчө бойдон калышы керек", — деген Шмид жергиликтүү Welt басылмасына берген маегинде.
Анын айтымына караганда, бир столдо отуруу "дипломатиялык сылыктыкта болуу" дегенди билдирбейт.
"Бир учурда бизге сүйлөшүү каналдары керек болот. ЕККУ — Европада бир столдо маңдай-тескей отуруп коопсуздук жаатында сүйлөшө турган бирден-бир уюм", — деп белгилеген башкы катчы айым.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба "ЕККУ өзүн-өзү жоюу стадиясында тургандыгын" жар салган. Анын пикиринде, эгерде Россия анын курамында кала берсе, уюм урап, жок болот.
Херсондо Украинанын атайын кызматы менен ЕККУнун кызматташкан документи табылды