Радио

Эшимов: Бишкекте кинотеатр менен кафеден башка көңүл ачуучу жай жок

Режиссер-сценарист Радик Эшимов элдин көйгөйү канчалык көп болсо ошончолук күлүүнү самап, комедия жанрындагы кинолорго көп барарын айтты.
Sputnik
Европа өлкөлөрүндө комедия жанрындагы фильмдерге эл аз барат. Бул тууралуу Радик Эшимов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда тартылган автордук мыкты тасмалар кинотеатрлардан көрүүчү аз болгондугуна байланыштуу бат эле көрсөтүлбөй калууда.
"Мен өзү кесибим боюнча мугалиммин. Киного КВН аркылуу келип калгам. Ар бир долбоор мен үчүн тажрыйба. Азыр деле көп нерсени үйрөнө элекмин. Тажрыйбасы бар киножаратуучулар менен көп достошом. Алар 5 жыл окуп бир да кино тартпаганын, мен болсо диплому жок эле бир канча тасма жаратканымды айтып калышат. ТамаShow ТВ менен байланышы чоң болчу. Сценарийди өзүбүз жазып, аны өзүбүз аткарчубуз. Ушул нерсе да балким диплому жок эле кино, сериал тартып жатканыма себепкер болуп жаткандыр. Бизде сонун автордук тасмалар тартылат, бирок кассалуу болбойт. Анткени эл тамашалуу кинолорго көп барат. Ошондой эле Бишкекте жаштар барып көңүл ачуу үчүн кинотеатр менен кафеден башка жай жок", — деди режиссер-сценарист.
Ал кыргыз сериалдарын адамдын жашы менен салыштырганда 7-8 жаштагы бала экенин кошумчалады.