БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 6-январында Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынан чек араны мыйзамсыз кесип өткөн эки өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Сузак РИИБи тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кармалган Өзбекстандын 37 жана 31 жаштагы жарандары убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Алардын буга чейин бир нече жолу соттолгондугу айтылды.
"Териштирүү учурунда Өзбекстандын жарандары акыркы жолу өз өлкөсүндө адам өлтүрүү боюнча соттолуп, Жиззак облусунда жазасын өтөп жаткан жеринен качкандыгы аныкталган. Алар Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Бүгүнкү күндө Өзбекстан тарабынан аларга карата издөө жарыялангандыгы белгилүү болду", — деп жазылат маалыматта.
Аталган факт Сузак РИИБинде Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.