Бишкекте таштанды иргөөчү пункт иштей баштады. Сүрөттөр

Экожайларды ачуу башка райондордо да уланып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Борбор калаа Бишкекте таштанды иргей турган пункт иштей баштаганын мэрия билдирди.
1 / 2

Борбор калаа Бишкекте таштанды иргей турган пункт иштей баштаганын мэрия билдирди

2 / 2

Улуттук жана эл аралык стандарттарды, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды сорттоо үчүн курулган атайын экопункт Биринчи май районунун аймагындагы Панфилов көчөсү №188/2 дарегинде жайгашкан.

Улуттук жана эл аралык стандарттарды, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды сорттоо үчүн курулган атайын экопункт Биринчи май районунун аймагындагы Панфилов көчөсү №188/2 дарегинде жайгашкан.
"Пунктунун жалпы аянты 147,1 чарчы метр, анда 12 евроконтейнер, эки видеобайкоо камерасы орнотулган. Таштандыны иргөө үчүн 15-16 чарчы метр иш бөлмө курулуп, суу, канализация жана электр энергиясы менен камсыздалды. Контейнерлерди жаан-чачындан коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жердин үстү тосулган. Аларды орнотууда жакынкы үйлөрдүн калкы да эске алынган", — деп айтылат маалыматта.
Долбоордун максаты:
жарандардын маданиятын калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү;
экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо;
жеке компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.
Мындай аянтчаларды ачуу башка райондордо да уланып жатканы айтылды. Белгилей кетсек, аталган долбоор инвесторлордун эсебинен ишке ашырылууда.
Бишкекте таштанды иштетүүчү завод курууга чех компаниялары кызыкдар. Иш жылабы?