Бишкектин түштүгүндөгү көк бөрү: жанын сабап ойногон улакчылардын сүрөтү

Өткөн аптада Бишкектин Орто-Сай айылында улакчылардан турган 44 команда чогулуп, элге көк бөрү оюнун көрсөтүштү.
Sputnik
Турнирге Чүй облусунан ар кыл курактагы спортчулар катышты. Уюштуруучулардын бири Эрбол Жайлообек уулу жыл сайын өткөн турнир аймактагы жаштар арасында ынтымак, достукту бекемдеп келерин айтып берди.
Бишкектин жанында улак тартыш кандай өткөндүгүн Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрсөңүз болот.
1 / 12

Көк бөрүгө Чүй облусунун бардык аймактарынан келишти

2 / 12

Оюн төртүнчү ирет өтүп жатат. "Күч атасын тааныбайт" дегендей, улакты ар кыл курактагылар тартып келишет.

3 / 12

Баракелде, жаныбар! Улакчыга кол-бут болуп, күчүнө күч кошкон ат.

4 / 12

Бул сапар көк бөрүнү 1996-жылы туулгандардын мууну уюштурду. Байге фонду 45 миң сомду түздү. Чогулгандар улактан сырткары аркан тартышып, гиря көтөрүп, таймашты.

5 / 12

Көк бөрүнүн кызыгына кирип алган улакчылар өлөр-тирилерине карабай ойношот. Оюндун көркүн ээсин теминдирбей түшүнгөн аттар чыгарат.

6 / 12

Бул сапар да көк бөрүнү көрүүгө келгендердин саны арбын экени байкалды. Алардын арасынан өспүрүмдөрдү, тестиерлерди да көрүүгө болот.

7 / 12

Таймашта 1985-жылы туулгандар жеңди. Финалда 1993-жылкыларга утулуу ызасын тарттырышты.

8 / 12

Улакты жерден эңген өзүнчө күчтү талап кылса, аны атаандашка жулдуруп жибербеш үчүн андан өткөн өжөрлүк керек болот

9 / 12

Көк бөрү 2017-жылы Кыргызстандан атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарынын тизмесине киргизилген

10 / 12
Зрители во время матча по Кок бору на соревнованиях среди команд Чуйской области
11 / 12

Карышкан колдор, ээликкен аттар...

12 / 12

Улакты керектүү жерге таштоого бир нече ирмем калды. Улакчынын жандай чапкан экинчи атчан...