Бишкек, 9-янв. — Sputnik. "Бишкек электр тармактар" ишканасы абоненттерин электр үчүн карызын төлөөгө чакырат. Ишканадан маалымдашкандай, Бишкек шаарында 5 миң 600 абоненттин электр кубаты үчүн карызы бар, бүгүн акылдуу эсептегичтер алардын жарыгын аралыктан өчүрө баштайт.
"Бишкек электр тармактар" ишканасы элге төлөм жүргүзүүнүн ыңгайлуу жолдорун айтты.
"Сиздерге ыңгайлуу болуш үчүн компаниянын сайтында "Абоненттин балансы" рубрикасы иштейт жана "Менин жарыгым" мобилдик тиркемеси бар. Алардын жардамы менен өндүрүштүк абонент болобу же кадимки үйдө жашаган абонент болобу, баары электр энергиясы үчүн төлөмдөрүн, карызын көрө алат. Мындан тышкары, керектөөчүлөр өз балансын билүү үчүн күнү-түнү иштеген борборго 1209, 0772/0702/0556 00 12 09 же 0556 001209 WhatsApp номери аркылуу байланышка чыга алат", — деп айтылат ишкананын кайрылуусунда.
Ошондой эле керектөөчүлөр карыздарын Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (Касса-24), Megacom, О!, "Оңой" төлөм терминалдары аркылуу берсе болот.
Мындан тышкары, О!, MegaPay, UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары бар.
РСК Банк, "Керемет Банк", "Дос Кредо Банк", "Бакай Банк", "Кыргызстан" коммерциялык банкы, "Халык Банк", КICВ, "Оптима Банк" банктарынын кассалары аркылуу да төлөөгө болот. Мындан тышкары, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү кабыл алат.