Бала бакчаларда дагы каникул узартылабы? Министрликтин жообу

Мектепке чейинки мекемелердин иши эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бала бакчаларда кышкы каникул узартылбайт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде каникул 31-декабрда башталган.
"Бала бакчалардын иши эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды. Ага Санэпидкөзөмөл борбору байкоо салып турат. Эгер келген балдардын саны 80 пайызга жетпей калса, конкреттүү бир бала бакча гана жабылат", — деп билдиришти министрликтен.
Белгилей кетсек, катуу суукка байланыштуу мектеп окуучуларынын каникулу 16-январга чейин узартылды.
Радио
Касымова: өлкөдө бала бакчалардын саны быйыл 1,4%га өстү