Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Washington Post: АКШдагы шайлоо Украинанын тагдырын калчашы мүмкүн

Эгер Ак үйгө республикачылар келсе, келечектеги милдеттемелер туңгуюкка кептелиши ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. АКШда 2024-жылга белгиленген президенттик шайлоодон улам Украинанын келечеги бүдөмүк болуп калышы мүмкүн. Бул туурасында Washington Post гезитинин баяндамачысы Лиз Слай жазганын РИА Новости билдирди.
Анын пикиринде, Украинанын тагдыры өзү ээ боло албаган өзгөрүүлөрдөн көз каранды болуп турат.
"Европанын колдоосу саясий жактан маанилүү, бирок Вашингтон берип жаткан ири көлөмдөгү курал-жаракка салыштырып караганда анысы эч нерсеге арзыбай калат. Эгер 2024-жылы Ак үйгө республикачылар келе турган болсо, келечектеги милдеттемелер туңгуюкка кептелиши мүмкүн. Мунун баары көпкө созулушу ыктымал, ал убакытта Украинанын мүмкүнчүлүгү алда канча тарыйт", — деп кошумчалаган Глобалдык маселелер боюнча Чикаго кеңешинен Элизабет Шекелфорд.
Баяндамачы Лиз Слай Батыштын Киевди ок-дары менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүнөн шек санап жатат. Журналисттин баамында, бул Украинанын Куралдуу күчтөрүн алсыратууга алып барат. Ошондой эле макалада каржылык абалдын оорлошу Украинанын көз карандысыздыгынан да күмөн жаратары жазылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Экономист: Байден менен Зеленский ири чыгым тартканын моюндагылары келбейт