10-январга карата аба ырайы

10-январга караган түнү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Шейшемби, 10-январда, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак жана тоңголок болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө -5...-10, Талас өрөөнүндө -7...-12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен, Ысык-Көл аймактарында -3...-8, Нарын облусунда -12...-17 градус суук болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында мезгил-мезгили менен кар жаап, Бишкекте күндүн табы -7...-9, Ош шаарында -3...-5 градусту көрсөтүп турат.
ТЭЦ алдыдагы аяздуу суукка туруштук береби? "Электр станцияларынын" жообу