Жоламан дем берип... UWW кыргызстандык спортчу катышкан ролик жарыялады

Грек-рим, эркин жана аялдар күрөшүнүн эл аралык федерациясы буга чейин Шаршенбековду жылдын балбаны деп тандаган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW — грек-рим, эркин жана аялдар күрөшүнүн эл аралык федерациясы) кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков катышкан ролик жарыялады. Видео жаш муунга дем берүү форматында даярдалган.
"Спорттун бул түрү менен алектенген миңдеген кыз-жигиттер өздөрүнүн жылдызы жанчу учурун күтүп келишет. Өжөрлүк дайыма талантты жеңет. Сенде дүйнөдө жок талант бар дейли, өжөрлүкчү, өжөрсүңбү? — деген сөздөр коштолгон роликте.
Анда "НБАга топ жаадыруу" фильминдеги Адам Сэндлердин үнү коюлган.
Эске салсак, UWW Шаршенбековду жылдын балбаны деп тандаган.
UFCге аракет, жар тандоо, Хабиб менен мамиле. Бусурманкулдун жаңы маеги