Жалал-Абадда эки жашар кыз түтүнгө ууланып чарчап калды. Агасы реанимацияда

Балдардын апасы кошумча жумуш катары идиш жууп иштейт. Кырсык ал балдарын уктатып коюп жумушуна барып келгенче болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында эки жашар кыз түтүнгө ууланып чарчап калды. Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын болгонун тастыктап, чоо-жайын айтты.
ОИИБден билдиришкендей, 8-январга караган түнү саат 01:30 чамасында Жалал-Абад облустук ооруканасынан Жалал-Абад ШИИБдин 102 номерине билдирүү келип түшкөн. Анда кичинекей бөбөк түтүнгө ууланып каза болуп калгандыгы айтылган.

"7-январь күнү саат 20:00дөр чамасында Жалал-Абад шаарында жашаган 30 жаштагы келин кошумча жумушуна — идиш жууганы кеткен. Келин 2019-жылы туулган уулун жана 2020-жылы туулган кызын уктатып коюп үйүнөн чыккан. Кайра саат 23:30дар чамасында жумуштан келгенде үйүндө электр жылыткычтын зымы эрип, түтүн каптап, кызы каза болуп калгандыгы аныкталган. Учурда уулу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө", — дешти милициядан.

Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына "уулануу" менен катталып, териштирүү иштери башталган. Окуя болгон жерге Жалал-Абад ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган.
Ис урбасын десеңиз... ӨКМ коопсуздук боюнча бир нече кеңештерди берди