Жалал-Абадда келерки жумада күтүлүп жаткан аба ырайы

Жуманын орто ченинде катуу суук болот.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Келе жаткан жумада Жалал-Абадда аба ырайы кандай болору тууралуу Кыргызгидромет агенттиги маалымат берди.
Ага ылайык, 8-январда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
9-11-январда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 10-январда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлүп жатат. Ал эми 12-14-январда күн ачык болот.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-11-январда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда жакынкы күндөрү катуу суук болот