Кыргызстан Казакстанга экспорттогон негизги 10 товар

Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Коңшу өлкө экспорттук структурабызда экинчи орунда турат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. 2015-жылдан бери Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү. Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясы материалдар топтомун даярдап, анда Кыргызстан интеграциялык бирикмедеги өлкөлөрдүн ар бирине саткан эң популярдуу продукциясын тизмектеди.
Казакстан менен тышкы сооданы алалы. Улуттук статистика комитетинин (сөз өткөн жылдын январь-октябрь айлары жөнүндө болуп жатат) маалыматы боюнча, өлкөлөр ортосундагы тышкы соода жүгүртүү 600 миллион доллардан бир аз ашык. Анын 374,3 миллиону Кыргызстандын экспортуна туура келет.
Өткөн жылдын 10 айында Кыргызстан Казакстанга саткан алдыңкы 10 товар (баасы боюнча):
баалуу металлдардын рудалары жана концентраттары — 88,2 миллиондон ашык (мындан ары доллар менен);
темир же болот куймалары — 44,5 млн.;
товарларды ташуу же таңгактоо үчүн желим буюмдар — 33,8 млн.;
айнек — 21,9 млн.;
нан жана ундан жасалган кондитердик азыктар — дээрлик 17,5 млн.;
брусчатка, каптоочу плиткалар — 15,3 млн.;
эстеликтерге же курулушка иштетилген таш (шиферден башкасы) — 13,7 млн.;
балдар кийимдери жана аксессуарлары — дээрлик 7,8 млн.;
йогурт, айран жана башка сүт азыктары — 6,7 млн.;
полимерлердин бардык түрлөрү — дээрлик 6 млн.
Радио
Мамбетова: учурда кыргыз балы 34 мамлекетке экспорттолууда