Караколдо асма жолдо эс алуучулар жабыркап кала жаздашты. Видео

Окуянын видеосу социалдык тармакка тарады. Эс алуу базасынын администрациясы эч ким жапа чекпегенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Караколдогу тоо-лыжа базасында асма жолдо жүрүп бара жаткандар коркунучтуу абалга туш болушту. Окуянын видеосу социалдык тармакка тарады.
Кооптуу учур микроавтобустун туура эмес токтогондугуна байланыштуу жаралган.
Видеодон бус асма жолдун астына токтоп туруп калганын, аны менен келе жаткан адамдар транспорттун үстүндөгү темирлерге чалынып, бирок акырындап өтүп кеткени көрүнөт. Бул учурда асма жол үзүлүп кетчүдөй болуп катуу термеле түшкөн.
Базанын администрациясы окуядан эч ким жабыркабаганын билдирип, мунун баарына кичи автобустун айдоочусу унаасын туура эмес токтотуп койгондугу себеп болгондугун кошумчалады.
Ысык-Көл ИИБдин маалымат кызматы унаа ээсине 1000 сом айып салынганын кабарлады.
Жаңы жыл түнү жол кырсыгынан милиция кызматкери каза болду. Видео