Батыштын жүрөк үшүн алууда. Германияда Россиянын жаңы куралы талкууга түштү

Автор 2017-жылы Россия өз арсеналын гиперүндүү курал менен толуктаган алгачкы мамлекет болуп калганын эске салган. Анын айтымында, азыр Кытай менен АКШ ушундай курал жасоо менен алек.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Россиянын гиперүндүү "Циркон" ракетасы Батыштын аскер адистерин ойго салып жатканын аналитик Ян-Фредерик Вендт жазып, макала Frankfurter Rundschau гезитине басылып чыкканын РИА Новости кабарлады.
"Гиперүндүү ракеталар Батыштын аскер стратегдеринин жүрөк үшүн алууда. Башка ракеталык системалардан айырмаланып, "Циркондун" снаряддары атылгандан кийин да башкарыла берет. Мындай өзгөчөлүгү менен ал зениттик системаларды тоготуп да койбойт", — деп айтылат макалада.
Автор эксперттер курал-жарак жарышынын жанданышынан кооптонуп келерин белгилеген.
Ал 2017-жылы Россия өз арсеналын гиперүндүү курал менен толуктаган алгачкы мамлекет болуп калганын эске салды. Аналитиктин айтымында, азыр Кытай менен АКШ ушундай курал жасоо менен алек.
"Циркон" — өз кыймылдаткычынын күчү менен атмосферада маневр жасап узак мөөнөттүү аэродинамикалык учууга жөндөмдүү алгачкы гиперүндүү канаттуу ракета. Максималдуу ылдамдыгы 9 Махка жетип, 1000 чакырымдан туруп сокку узата алат. "Циркон" мээлегенин сууда да, кургакта да жок кылууга жөндөмдүү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО баш катчысы: Россия оңой эмес, жеңил-желпи мамиле жасоо кооптуу