Даамдуу быжы жасоонун сырлары. Видеорецепт

Ашпозчулар быжынын фаршы суюгураак даярдалса даамдуу болорун айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кыргыздын ашканасындагы чүйгүн тамактардын бири — быжы. Анын рецепти менен Sputnik даярдаган видеодон таанышсаңыз болот.
Ашпозчулар быжыны даярдоо оңой экенин, азыктары да кымбат эмес дешти.
Аны жасоо үчүн мөөн, 100 граммдан боор, сабиз, пияз, күрүч, бир нече баш чеснок жана татымал керек. Мунун бардыгын туурап, аралаштырабыз. Фарш суюгураак болушу керек, бул быжы жасоонун бир сыры. Мөөнгө фаршты салып, андан кийин экинчи учун түйөбүз. Анан муздак сууга асып, жай отко коёбуз. Бул тамактын дагы бир сыры: быжы көөп калганда желин чыгарып коюш керек. Бир сааттан кийин быжы даяр!
Кофеден да күчтүү болгон куурма чай кантип жасалат? Видео