9-январга карата аба ырайы

9-январда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Дүйшөмбүдө көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде катуу жаашы мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +2...+7, Талас аймагында +1...+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9 градус жылуу болсо, Нарында -4...-9 градус суук болору болжолдонду.
Бишкек жана Ош шаарларында да мезгил-мезгили менен кар жаап, күндүн табы борбор калаада +4...+6, Ош шаарында +7...+9 градуска чейин жетет.
Алдыдагы сууктан улам энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштешет