Кийинки жаңы жылдык майрамдар үнөмдүү болуш үчүн кантип акча топтоо керек? Үч лайфхак

Көптөгөн кыргызстандыктар жаңы жыл алдында бир топ акча короткондуктан январь айында үнөмдөөгө аргасыз болушат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. "Апенди бизнесмен" Telegram-каналы келерки жаңы жылдагы дасторкон менен белектерге акчаны азыртан чогулта башташ керектигин айтып, үнөмдөөнүн жол-жобосун түшүндүрдү.
"Көптөгөн кыргызстандыктардай эле мен дагы жаңы жылдык майрам учурунда белек-бечкекке көп акча коротом дагы январда абдан үнөмдүү жашоого аргасыз болом", — деп жазды автор.
Андан соң ал чыгымды азайтуунун үч жолун атады:
Майрамга акча топтоо үчүн сиз жаңы жылдан баштап банкага майда-барат акчаны чогулта баштаңыз. Бул ыкма сезилбегени менен абдан эффективдүү. Мисалы, күнүнө 10-20 сом салып койсоңуз, жалпы бюджетиңизге эч кандай зыян келбейт. Ошентип отуруп мен жылдын соңуна чейин 3 миң сом чогултуп койгом;
Мындай акчага өтө жупуну дасторкон болуп калат деп ойлосоңуз, майрамдан кийин канчалаган салат, мөмө-жемиш жана башка тамак-аштар ыргытылып кетерин эстен чыгарбаңыз. Биз таштандыга азыктарды гана эмес, аларды сатып алууга кеткен акчаны ыргытып жатабыз. Ошондуктан майрам алдында азык-түзүктү жык-жыйма кылып алып албаңыз;
Белектерге алдын ала кам көрүңүз. Көпчүлүк белектердин жаңы жылдык тематикага эч кандай тиешеси жок. Андыктан аларды жыл жаңырар алдында гана эмес, жыл бою айлык тийгенде алып коюп турсаңыз болот. Мындай учурда декабрь айындагы айлыгыңызга күч келтирбестен, үйдөгүлөрдүн ар бирине белек да даярдап коё аласыз.
Адис капчыктагы "тешикти" кантип бүтөш керектигин түшүндүрдү