БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Украинанын Улуу Британиядагы элчиси Вадим Пристайко Newsweek басылмасына берген маегинде Киев бийлиги жоготууларды жарыя кылбаганы менен саны өтө чоң экенин билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биз адамдарды жоготуп жатабыз. Дайынсыз жоголгондордун канчасы аскер же жөнөкөй жаран экенин жарыялабайбыз. Бирок алардын саны абдан көп, элестете алгыс", — деди Пристайко.
Ал дүйнөдө “душманды жеңүү үчүн мынчалык өмүрлөрдү, аймактарын жана ондогон жылдар бою өнүгүү жолун курмандыкка чапкан элдер аз экендигин" кошумчалаган.
Россия 2022-жылдын 24-февралынан бери Украинада аскердик атайын операция жүргүзүп жатат. Ушунун фонунда АКШ жана анын НАТО боюнча союздаштары Киев режимине ондогон миллиард долларлык курал-жарактарды ташууну улантууда. Россия Батыштын Украинага курал-жарактарын жеткирип жаткандыгы жаңжалды гана узартарын бир нече жолу билдирген.