14-январга чейинки аба ырайы. Талас облусу

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Келе жаткан жумада Талас облусундагы аба ырайы кандай болорун Кыргызгидромет агенттиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, 8-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
9-10-11-январь күндөрү кар жаайт. 11-январда күндүз жана 12-14-январда күн ачык болот.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-11-январда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
11-январдан тарта катуу суук болот, жолго чыкпай туруңуз. ӨКМ эскертти