Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда жакынкы күндөрү катуу суук болот

Синоптиктер суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатарын эскертет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Жакынкы күндөрү Кыргызстанда катуу суук болорун Кыргызгидромет билдирди.
9-10-11-январда республиканын көпчүлүк жеринде мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
10-11-январда абанын температурасы кескин төмөндөйт:
Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -5…-10;
Талас облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -7…-12;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…-8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…-8;
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -12…-17, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -15…-20;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27, күндүз -16…-21 суук болот.
12-13-январда абанын температурасы мындан да төмөндөйт:
Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -14…-19;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Ысык-Көлдө түнкүсүн -12…-17, күндүз -9…-14;
Нарын облусунда түнкүсүн -26…-31, күндүз -17…-22, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35, күндүз -23…-28;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38, күндүз -23…-28 болушу күтүлөт.
11-январдан тарта катуу суук болот, жолго чыкпай туруңуз. ӨКМ эскертти