Радио

Психолог: өлүмдү кабыл алганды үйрөнүш керек

Психолог Асел Сүйүнбаева ата-энелердин көбү балдары менен өлүм тууралуу сүйлөшүүдөн коркорун айтат.
Sputnik
Жакын адамы каза болгондон кийинки бир ай көпчүлүк үчүн оор болорун Асел Сүйүнбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ар бирибиз өлүм эртели-кечпи башыбызга келерин түшүнүп, ага акыл-эс менен мамиле кылуу зарыл.
"Биздин коомдо ата-энелердин көбү балдары менен өлүм тууралуу сүйлөшүүдөн коркушат. Балдар бир убакта эле өлүм темасына кызыгып, ал жөнүндө суроолорду бериши мүмкүн. Ошол кезде жашоонун экинчи бети өлүм экенин туура түшүндүрүү абдан маанилүү. Жашоо менен өлүм бирге жүрөт. Андан коркпош керек. Бул нерсеге философиялуу көз карашта акылмандык менен мамиле кылууну үйрөнүү зарыл. Албетте, жоготууну сезип, абдан кыйналуу болот. Бирок адам ошол кезде ичинде бир таянычы бар экенин сезгени абдан маанилүү. Жакыны каза болгондон кийин ар бир адам ар кандай убакытка санаа тартышы мүмкүн. Айрымдар бат эле өзүнө келсе, айрымдар өзүн таштап коёт. Депрессиядан суицидге чейин баргандар да бар. Эч нерсеге көңүл бурбай, жашоонун кызыгын жоготуп алгандар да жок эмес", — деди психолог.
Ал жакын кишисинен айрылган адам ошол эле учурда башкаларга кандай мамиле жасап жатам деп өзүнчө ойлонуп коюшу керектигин кошумчалады.