БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Түркиядан келген нефрология боюнча профессор Хавва Асуман Явуз Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде бөйрөк оорусуна чалдыгып калбаш үчүн эмнелерди жасабаш керектигин айтып берди.
Анда профессор жогорку кан басымы, кандагы канттын жогорулашы, бөйрөктөгү таш жана генетика ооруга чалдыгуунун негизги себептери болорун айткан.
"Кант менен тузду ашкере колдонуу бөйрөктү жабыркатат. Этти да көп жебеш керек. Ата-бабалар этти көп жеп, ден соолугу чың болгонун айтышат. Балким, ушундайдыр, бирок ата-бабаларыбыз дайыма кыймылда болуп, көп энергия сарптаганын унутпаш керек. Ун деле ошол. Учурда адамдар аз кыймылдайт, ошондуктан бул азыктарды азайтуу керек. Суу жөнүндө айтсак, адам күнүнө өзүнүн нормасын ичиши керек. Ал ар бир организм үчүн ар башка", — деди дарыгер.
Профессор ошондой эле адамдар билип-билбестен витамин ичкендиги тууралуу да айткан.
"Витамин ичерден мурун алардын организмде жетишсиз экенин аныктоо керек. Антпесе ал дагы бөйрөккө терс таасирин тийгизет. Андыктан витаминди анализдердин жыйынтыгы чыккандан кийин гана ичүүгө болот", — деп кошумчалаган адис.