Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү дүйнөдө 107-орунду ээледи

Рейтингде 145 өлкө бар. Анын сап башында АКШ, Россия жана Кытай турат. Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринин арасынан аскер күчү боюнча Өзбекстан алдыңкы орунга чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү дүйнөдө 145 өлкөнүн ичинен 107-орунду ээледи. Бул тууралуу Global Firepower (GFP) сайтынын жаңыртылган рейтингинде жазылган.
Эске салсак, өткөн жылы Кыргызстандын армиясы ушул эле рейтинг боюнча 93-орунга чыккан болчу.
GFP сайтынын маалыматы боюнча, рейтингдин башында АКШ, Россия жана Кытай турат.
Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринин Куралдуу күчтөрү боюнча алдыңкы орунду Өзбекстан ээлеген. Ал рейтингде 62-орунда турат. Андан кийин 63-орунда Казакстан (өткөн жылы 64-орун болчу), 82-орунда Түркмөнстан (өткөн жылы 83-орун болчу), 107-орунда Кыргызстан жана 120-орунда Тажикстан (өткөн жылы 111-орунду ээлеген) турат.
ЖККУ контингентин кеңейтүүнү пландап жатабы? Баш катчынын жообу