Радио

Исраилов: Кыргызстан көп турист кабыл алууга даяр эмес

"Үлүш Трэвел" туристтик компаниянын негиздөөчүсү Улугбек Исраилов Кыргызстанда туризм тармагында иштеген адистер жетишсиз экенин айтты.
Sputnik
Кыргызстандагы ар бир жердин өзүнүн жарактуулук мөөнөтү бар. Бул тууралуу Улугбек Исраилов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көп турист кабыл алууга адистер жана инфраструктура жетишсиз.
"Кыргызстан көп турист кабыл алганга даяр эмес. Мисалы, Бишкекке бир убакта 10 миң киши келсе батпай калат. Аларды жайгаштырууга мейманканалар да аз. Жай мезгилинде болсо муну менен катар эле гиддер жана айдоочулар жетишпейт. Өлкөбүздөгү ар бир жердин жарактуулук мөөнөтү бар. Эгер турист көп келсе аз эле убакытта кооз жерлерибиз пайдалануу үчүн колдон чыгып калышы мүмкүн. Биз, кыргызстандыктар, жаратылышыбызды сактаганга кам көрбөсөк экологиябыз бузулат. Тоого чыкканда тебелебей турган жерлер болот. Ар бир компания аны эске алуусу шарт. Учурда мамлекетибиздин жарнамасы өтө күчтүү болуп кетти. Көп сандаган туристтерди чакыруудан мурда инфраструктура маселесин чечишибиз керек. Мисалы, Түркия өлкөсү канча турист келсе деле толбойт. Анткени алардын башкы максаты — туризм. Ал эми бизде бул тармак өнүгүү жолунда. Эгер мамлекет туризм жаатында иштегендерге бут тоспой колдоо көрсөтсө, Кыргызстан да туризмдин аркасы менен өнүгүп кетиши мүмкүн", — деди Исраилов.
Ал Кыргызстанга Европадан туристтер көбүрөөк келип жатканын кошумчалады.