БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Бахтиёр Саидов менен жолукту. Бул тууралуу ТИМден кабарлады.
Жолугушууда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары, эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечектүү багыттары талкууланды.
“Мамлекеттик визиттин алдында белгиленген биргелешкен пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Өзбекстан президентинин күтүлүп жаткан мамлекеттик сапары мурда жетишилген макулдашууларды жогорку деңгээлде бекемдөөгө мүмкүндүк берет жана кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө болот”, — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Өзбекстандын президенти Кыргызстанга 10-декабрда келмек. Андан соң мамлекеттик сапар 2022-жылдын декабрынын аягына чейин болору айтылып, бирок ал дагы жылдырылган. Жаңы дата азырынча жарыялана элек.