Декларация боюнча экономика министри Амангелдиевдин баш калкалоочу үйү да жок

Аткаминердин бир жылдык кирешеси эки жарым миллион сомго жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин бир да үй-жайы, автоунаасы жок. Бул тууралуу ал 2021-жылга карата тапшырган декларацияда жазылган.
Министр бир жылда 2 миллион 570 миң сом иштеп тапканын айткан, бирок чыгашасы тууралуу көрсөткөн эмес.
Документти карай келгенде, өзүнө таандык баш калкалай турчу үйү жоктугун көрүүгө болот. Ошол эле учурда 430 миң сомдук бодо малы, 140 миң сомдук кой-эчкиси бар экенин билдирген.
Ал эми жакын туугандары Toyota Sequoia үлгүсүндөгү жолтандабас айдайт. Алардын андан башка эч кандай мүлкү жок, киреше-чыгашасы тууралуу жазган эмес.
Узаган жылдын (2022-жыл — ред.) октябрында кызматтан алынган транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов да "турак жайым жок" деп декларация тапшырган.
Бир да үйү жок. Баш прокурор Зулушевдин байлыгы тууралуу маалымат жарыяланды