Келерки жумада Чүйдө аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

10-январда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Алдыдагы аптада Чүй облусундагы аба ырайы кандай болорун Кыргызгидромет агенттиги айтып берди.
Ага ылайык, 8-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
9-11-январь күндөрү көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Ал эми 10-январда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 12-14-январда күн ачык болот.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-11-январда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда жакынкы күндөрү катуу суук болот