Бишкекте православдар Рождествону кантип белгиледи. Чиркөөдөгү сүрөттөр

6-январдан 7-январга караган түнү православ христиандары Рождествону белгилешет. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Бишкектеги Ыйык Владимир чиркөөсүнө барып сүрөт тартып келди.
Sputnik
Бул күнү православдар жакындарынын ден соолугун тилеп, жакшы ой-тилектерди айтышат. Ошондой эле майрамда үй-бүлө мүчөлөрү дасторкон жайып, бири-бирине белектерди беришет.
Рождество — Иисус Христостун туулган күнүнө карата негизделген христиандардын негизги майрамдарынын бири.
Рождествонун алдында 40 күндүк орозо кармалып, андан кийин майрам башталат, ал Крещение менен аяктайт.
1 / 12

Рождество майрамы Бишкектеги Ыйык Владимир чиркөөсүндө белгиленди

2 / 12

Православдык христиандар Рождествону юлиан календары боюнча 7-январда белгилешет

3 / 12

Бул күнү христиандар Христос куткаруучунун атынан сыйынышат

4 / 12

Бул күнү православдар жакындарынын ден соолугун тилеп, жакшы ой-тилектерди айтышат

5 / 12

Чиркөө кызматкери тиешелүү жөрөлгөсүн жасоодо

6 / 12

Иисус Христос анча чоң эмес еврей шаары Вифлеемде төрөлгөн

7 / 12

Рождество христиан дининде Пасхадан кийинки эле чоң майрам болуп саналат

8 / 12

Чиркөөдөгү сыйынуу учуру

9 / 12

Рождество — бул үй-бүлөлүк майрам, аны жакындар менен белгилөө салтка айланган

10 / 12

Ошондой эле майрамда үй-бүлө мүчөлөрү дасторкон жайып, бири-бирине белектерди беришет

11 / 12

Рождествонун алдында 40 күндүк орозо кармалып, андан кийин майрам башталат, ал Крещение менен аяктайт

12 / 12

Рождество майрамы адамдын Кудай менен элдешүүсүнүн символу болуп саналат

Тема боюнча:
Садыр Жапаров православдарды Рождество майрамы менен куттуктады