БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгондугуна бул жайда сегиз жыл болот. Sputnik редакциясы бул материалда Кыргызстан интеграциялык бирикменин өлкөлөрүнүн ар бирине саткан эң мыкты 10 товар тууралуу айтып берет.
Бул сапар Беларусь менен болгон тышкы соода товар алмашууга баам салабыз. Маалыматтар Статистика боюнча улуттук комитеттен алынды. Кеп өткөн жылдын январь-октябрь айлары туурасында жүрүп жатат.
Тышкы соода алмашуу 78,1 миллион долларды түзсө, алардын 25,3 миллион доллары Кыргызстандан Беларуска жасаган экспортуна туура келет.
Кыргызстан былтыр январь-октябрь айларында Беларуска саткан мыкты 10 товар:
тракторлорду өнөр жайлык жыйноо үчүн радиаторлор жана алардын тетиктери — 20,4 млн. (мындан ары доллар менен);
тооктун ич эти — дээрлик 1,6 млн.;
жез калдыктары жана сыныктары — дээрлик 1,2 млн.;
макарон азыктары — 541 миң доллар;
эсептөөчү машиналар жана алардын блоктору — 488 миң;
ири мүйүздүү малдын тоңдурулган эти — 269 миң;
айнек — 247 миң;
пияз жана башка жашылчалар — 91 миң;
мотордун жана башкалардын майлоочу майлары — 55 миң.