АКШга барып келген Тилек Жээнбеков ал жактагы чыныгы жашоо тууралуу айтып берди. Видео

Кыргызстандык оор салмактагы белгилүү ММА мушкерлеринин бири Тилек Жээнбеков 2018-жылы Green card утуп алып карьерасын улантуу үчүн Америкага сапар тарткан.
Sputnik
Ал ортодо UFC уюмунун мурдагы чемпиону Стипе Миочич менен спарринг учурунда тизесинен жаракат алып калган. Бул спортчунун алдыдагы пландарын өзгөртүүгө аргасыз кылган. Жээнбеков андан бери спортко жана жашоосуна байланыштуу башка пландары менен алпурушуп жатканын, ал эми Америкага улам барып келип турарын билдирди. Спортчу биз менен болгон маекте АКШдагы жашоо тууралуу айрым чындыктарга токтолуп, ошондой эле чет мамлекетке чыгып, чоң спортту багынтам дегендерге кеп-кеңеши менен бөлүштү.
Жээнбеков WEF Global жана Angels Fighting уюмунун мурдагы чемпиону. Корея, Россия жана Борбор Азиядагы спорттук лигаларда күч сынашкан.
Тема боюнча:
UFCге аракет, жар тандоо, Хабиб менен мамиле. Бусурманкулдун жаңы маеги